SerepTV Logo

Кыргызстандык Александр Волкодав "Голос" шоусунун кийинки баскычына өттү (видео)

Кыргызстандык Александр Волкодав "Голос" шоусунун кийинки баскычына өттү (видео)

Александр Волкодав "Голос" шоусунун кийинки баскычына өттү. Ал "Чиж & Ко" тобунун "Полонеза" ырын аткарган.

Берүү 18-ноябрда жаздырылган. Анда 28-ноябрда каза болгон Александр Градский насаатчылардын арасында болчу. Программанын башында алып баруучу Дмитрий Нагиев Александр Градскийдин өлүмүн чоң трагедия деп атады.

https://youtu.be/q_mjGRhG1RE

Экинчи кыргызстандык Адилет Жумабеков кийинки баскычка өтө алган жок. Ал Эдуард Артемьевдин «Урга» аттуу ырын аткарды. Бул ыр 1991-жылы "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн Никита Михалковдун "Урга - Территория любви" тасмасына жазылган. Композиция 2001-жылы чыккан "Клон" сериясынан "Жади темасы" катары популярдуу болгон.

https://youtu.be/uU2jogyUGfM
edita