SerepTV Logo

Кыргызстандык 10 жаштагы Насыйкат Баймырзаева “Витебск-2023” сынагында 3-орунду ээледи

Кыргызстандык 10 жаштагы Насыйкат Баймырзаева “Витебск-2023” сынагында 3-орунду ээледи
Кыргызстандык 10 жаштагы Насыйкат Баймырзаева Витебск шаарындагы "Славян базары" фестивалынын алкагында өткөн XXI Эл аралык балдар музыкалык “Витебск-2023” сынагында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.  Маалыматка караганда, сынакка дүйнөнүн 18 мамлекетинен 8-14 жаштагы таланттуу балдар катышкан.  Сынактын биринчи күнүндө катышуучулар эстрадалык-симфониялык оркестрдин коштоосунда өнөрлөрүн тартуулашты, анда Насыйкат Эльзанын "Отпусти и забудь" аттуу ырын ырдаса, экинчи күнү катышуучулар өз тилиндеги ырларды аткарышты. Катышуучу «Энекемай» ырын ырдады.  [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="190656,190657,190658,190659"]
edita