SerepTV Logo

Кыргызстандагы айым режиссёрлордун кинофоруму өтөт

Кыргызстандагы айым режиссёрлордун кинофоруму өтөт
Кыргызстандагы айым режиссёрлордун кинофоруму өтөт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине уюштуруучулар билдиришти. Маалым болгондой, иш-чара Бишкек шаарында 26-28-май аралыгында орун алат. Биринчи күнү: 26.05.2022 Өтө турган жери: Бишкек шаары, “Манас” кинотеатры 11:00-11:40 Жашыл килем 12:00-14:00 Салтанаттуу ачылыш аземи Кино көрүү: “Салам, жайлоо” Кинофорумдун ачылыш аземинде белгилүү айым-режиссёр Клара Юсупжанованын “Салам, жайлоо” көркөм тасмасы көрсөтүлөт. Тасмада алыскы жайлоодогу малчылар менен чабандардын турмушу жана алардын татаал кесиби баяндалат. Дискуссиялык клуб Өтө турган жери: Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйү 16:00-18:00 “Дүйнө айымдардын көз карашы менен” Спикерлер: Кыргызстандын киноиндустриясындагы айымдар: Төлөйкан Исмаилова, Гульмира Керимова, Гульбара Төлөмүшова, Дальмира Тилепбергенова.  Экинчи күн: 27.05.2022 Өтө турган жери: Бишкек шаары, «Манас» кинотеатры Кино көрсөтүү: 14 тасма көрсөтүлөт. Кинофорумдун катышуучуларынын тасмалары тартууланат. Тасмалар көрсөтүлгөн сон, режиссёрлор менен көрүүчүлөр арасында суроо-жооп болмокчу. Үчүнчү күн: 28.05.2022 Өтө турган жери: Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйү 10:00-12:00 Галина жана Анна Евтушенколордун биргеликте мастер-классы. 14:00-16:00 Анна Евтушенконун мастер-классы.  Өтө турган жери: Бишкек шаары, «Манас» кинотеатр 18:00-19:20 Кинофорумдун салтанаттуу жабылышы; Белгилей кетсек, III Кинофорумга Орусиядан режиссёр-документалист Галина Евтушенко жана «Россия» кинофестивалынын директору Инна Демежко, Беларустан режиссёр-документалист Галина Адамович келишет. Ошондой эле Казакстандан катышуучулар келери күтүлүүдө.
edita