Кыргызстанда тартылган ала качуу тууралуу тасма "Оскар" үчүн ат салышат
Кыргызстанда тартылган "Ала качуу - Take and Run" кыска метраждуу тасмасы Америка киноакадемиясынын "Мыкты кыска метраждуу көркөм тасма" номинациясынын шорт-листине кирди.
94-"Оскар" сыйлыгынын расмий сайтында маалымдалгандай, немис режиссёру Мария Брендлдин бул тасмасы 140тан ашык тасманын ичинен тандалып, эңсеген статуэтка үчүн ат салышкан 14 финалисттин катарына кирген.
"Ала качуу - Take and Run" тасмасынын бет ачары 2020-жылы Род-Айленд кинофестивалында (АКШ) болгон. Режиссёр аны 2019-жылдын август-сентябрь айларында тартып, аны менен Кыргызстандагы кыз ала качуу көйгөйүн жалпы коомчулукка айткысы келгенин айткан. «Тасмам менен келиндердин үнүн жеткиргим келди», - дейт ал.