SerepTV Logo

Кыргыз тасмасы мобилдик блокбастерлер фестивалынын баш байгесин утуп алды

Кыргыз тасмасы мобилдик блокбастерлер фестивалынын баш байгесин утуп алды
Кыргыз тасмасы Эл аралык мобилдүү блокбастерлер фестивалынын баш байгесин жеңип алды. Бул тууралуу кинофорумдун сайтында маалымдалды. "Мыкты тасма" номинациясында (12 мүнөткө чейин кыска метраждуу фильм) бул сезондун башкы жеңүүчүсү "Present for Future" видеосу менен Кыргызстандын командасы болду. Бул смартфондо тартылган кыска метраждуу фильмдердин фестивалы. Быйылкы фильмдердин темасы “Эркиндик руху”. Катышуучулардын эмгектерин киноиндустриянын, өндүрүштүн жана режиссуранын профессионалдарынан турган калыстар тобу баалашты. https://youtu.be/wB75hre8be0

Бул жылы дүйнөнүн 16 өлкөсүнүн катышуучулары 58 эмгегин жөнөтүшкөн. Мобилдик блокбастер фильм фестивалы Казакстанда үчүнчү жолу өттү.

edita