SerepTV Logo

Кыргыз эл сүрөтчүсү, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев көз жумду

Кыргыз эл сүрөтчүсү, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев көз жумду

Кечээ, 7-январда Кыргыз киносунун ардагери, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Муса Абдиев 89 жаш курагында каза болду.

Муса Абдиев 1934-жылы 23-февралда туулган. 1959-жылдан баштап «Кыргызфильм» киностудиясында иштеген. Ал кийим дизайнери, ассистент жана сценарист, продюсер болгон.

Муса Абдиевдин фильмографиясы:

  • Төлөмүш Океевдин үч тасмасы: «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымдары», «Чыңгыз Хан”
  • Геннадий Базаров тарткан үч тасма: «Саманчынын жолу», «Каныбек», «Көчө».
  • «Ысык-Көлдүн кызгалдактары" режиссёру Болот Шамшиев;
  • «Түшүндүрмө издебе» режиссёру Жали Соданбек;
  • «Провинциалдык романс» - режиссёру Мелис Убукеев;
  • «Сундук предков» -режиссёру Нурбек Эген жана башкалар.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 9-январда өтөт.

edita