SerepTV Logo

Кыргыз Эл артисти Геннадий Базаров 80 жашында көз жумду

Кыргыз Эл артисти Геннадий Базаров 80 жашында көз жумду
Кыргыз Эл артисти, режиссёр Геннадий Базаров көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Маданият министрлигинен тастыкташты. Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Москвадагы ВГИК (Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун) режиссёрлук факультетин аяктаган. Ал «Саманчынын жолу», «Көчө», «Карагыз», «Аномалия», «Нонсенс» жана башка тасмаларды тарткан. Ал өткөн жылы 14-майда жакын санаалаштары, кесиптештеринин курчоосунда 80 жаш юбилейин белгилеген.
edita