SerepTV Logo

Кыргыз Эл артисти, актёр Акылбек Абдыкалыков: "Эки ирет коронавирус менен ооруп, бутум баспай кыйналып жатам" (фото)

Кыргыз Эл артисти, актёр Акылбек Абдыкалыков: "Эки ирет коронавирус менен ооруп, бутум баспай кыйналып жатам" (фото)
6-июль күнү президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Шаршен Термечиков атындагы театрдын мурдагы директору жана көркөм жетекчиси Акылбек Абдыкалыков менен жолуккан. Окуяны улай СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Акылбек Абдыкалыков менен байланышып, актёрдун абалын сурады. "Мен "Түнкү кырсык" тасмасына тартылып, эл аралык сыйлыктарды алып, дагы бир тасмага тартылам деп камынып калгам. Күтүүсүздөн приступ болуп, 4 ирет операция болдум. Андан эми ден соолугум калыптанып келатканда коронавирус чыгып, эки ирет вирус менен алыштым. Ошондон бутума доо кетип, эки жылдан бери баса албай кыйналып жатам.  Дүйшөмбү күнү жубайым (ред. актриса Анара Назаркулова) экөөбүз ооруканага жатканбыз. Азыр Кудайга шүгүр, абалым жакшы. Врачтар жакшы болуп кетесиз деп жатышат", - дейт Акылбек Абдыкалыков. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="124401,124402,124403"]
info