SerepTV Logo

Куудул Каныбек Разыков: "Балам "чоң атам каякта жатат, барып келбейлиби" дей берет"

Куудул Каныбек Разыков: "Балам "чоң атам каякта жатат, барып келбейлиби" дей берет"
SUPERTV телеканалы куудул Каныбек Разыковдун Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында жайгашкан үйүндө конокто болду. Маек учурунда Каныбек Разыков уулдары чоң атасы раматылык куудул Рахман Разыковду көп эстеп сагынышарын айтат. "Атам үйгө киргенде эле шаан-шөкөт менен кирчү. Атам келди деп балдар, мен, келинчегим кошо майрам болгондон ызы-чуу болот эле. Ортончу уулум атамды аябай жакшы көрчү. Сонун шаан-шөкөт болот эле. Атамды улуу балам билет. Андан кийинкиси деле билет. Ал "Чоң атам каякта? Каякта жатат, барып келбейлиби?" дей берет. Чоң атамды көбүрөк ошол ортончу балам эстейт", - дейт ал. https://youtu.be/f8u67jiH-cU
edita