SerepTV Logo

Куудул Гүлжайна Атаканова кыз төрөдү

Куудул Гүлжайна Атаканова кыз төрөдү
Бүгүн, 29-июнда куудул, актриса Гүлжайна Атаканова Бишкек шаарындагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Бул тууралуу куудул СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги менен сүйүнчүсүн бөлүштү. Анын айтымында, бир саат мурда көз жарган. Ымыркайдын салмагы 4 килограмм 300 грамм, бою 54 сантиметр. "Төрөт оңой болду деп айтуу кыйын, азыр абалым жакшы. Мен дагы, кызым дагы медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндөбүз", - дейт Гүлжайна Атаканова. Буга чейин куудул айым SUPER TV’га берген маегинде жасалма уруктандыруу жолу менен экинчи наристесин күтүп жатканын айтып берген эле. https://youtu.be/t5vqM-AfvA8
Unknown Author