Кубик Калыков: "Сага эмнеге сыйлык берген жок" деген суроо жарама туз сепкендей болот"
Белгилүү куудул, ырчы Кубик Калыков балдары белек кылган унаасы менен тааныштырды. Маек учурунда Кубик мырза мамлекеттик сыйлыкка көптөн бери документ тапшырып жүргөнүн, бирок дагы деле жыйынтыгы боло электигин айтты.
"Менде сыйлык жок, өзүм деле кызыкпайм. Мага бергиле деп же артынан чуркап, акча бербейм. 50 жылдык концерт бергенде журналисттер эмне сыйлыгыңыз бар деп калды да. Карасак, жетимдер үйүнө берген концертим үчүн ыраазычылык кат бар экен. Армиядагы бөлүктөргө концерт койгон үчүн грамоталар бар экен. Анан карылар үйүнөн да бар экен. Болгону ошол. Эл тараза, эл сынчы да. Анан сууга түшкөнү барганда да "кечээ сага сыйлык берген жок го" дешет. Бул менин жарама туз сепкендей болот", - деди ал.
https://youtu.be/qFtL2_goooo