SerepTV Logo

"Кубанычымда чек жок". Данияр Эрматов экинчи ирет ата болду

"Кубанычымда чек жок". Данияр Эрматов экинчи ирет ата болду
Данияр Эрматовдун жубайы Айсалкын Садыкова көз жарды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы өзү тастыктады. "Кызымдын төрөлгөнүнө 2 сааттай эле болду. Эне баланын ден соолугу жакшы. Дарыгерлер баары жакшы дешти. Кубанычымда чек жок. Абдан сүйүнүп жатам. Куттуктоолорду кабыл алып жатам", - деди ал. Данияр Эрматов менен жубайы 2020-жылы кыздуу болушуп, Рания деген ысым беришкен.
edita