"Кош бол, бойдокчулук!" Актриса Айгерим Саматова турмушка чыгат
Кечээ, 18-июль күнү актриса Айгерим Саматованын жигити колун сурады. "Кош бол, бойдокчулук! Эми күйөөгө качан тиесиң деген суроолордон кутулдум. Сизге дүйнөдөгү эң сонун айым жолукту", - деп жазган актриса.
Белгилей кетсек, актрисанын жүрөгүн багындырган жигит жаш ырчы - Мадияр Русланов.
Айгерим Саматованын жашоосундагы бурулуш тууралуу кенен маалыматты бир нече сааттан кийин "SUPERTV" каналынан көрө аласыздар.