"Көптөн бери башы ооруп жүргөн". Актриса Мадина Талипбек Түркияда текшерүүдөн өттү
Бир нече жылдан бери АКШда жашап жаткан актриса Мадина Талипбек Түркияга келип, медициналык текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу актрисанын эжеси, ырчы Чолпон Талипбек социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
"Мадина экөөбүз 3 жылдан кийин Түркиядан көрүштүк. Бир нече айдан бери анын бели, башы ооруп, тынчын алып жаткан. Үй-бүлөбүз менен кеңешип, Түркиядан толук медициналык текшерүүдөн өтүп, оорусунун себебин билели деп чечтик. Сиңдим Стамбулдагы менчик клиникалардан текшерилди, бактыга жараша олуттуу оорусу жок экен. Бирок гастрит, грыжасы бар болуп чыкты. Эми ошол дарттарын дарылайбыз", - деген Чолпон Талипбек.