SerepTV Logo

Комузчу Назбек Кенчинбаев менен ырчы Нурайым Азыкбаева кызынын тушоосун кесип, той өткөрүштү

Комузчу Назбек Кенчинбаев менен ырчы Нурайым Азыкбаева кызынын тушоосун кесип, той өткөрүштү
Комузчу Назбек Кенчинбаев менен ырчы, скрипкачы Нурайым Азыкбаева кызынын тушоосун кесип, той өткөрүштү. Той Бишкектеги тойканалардын биринде өттү. Анда ырчы Чолпон Талипбек той ээлерин залдагы коноктордун алдына "Тай-тай" ыры менен алып чыкты. Таланттуу үй-бүлөнүн тоюна жакындары, санаалаштары, сахналаштары күбө болушту. Түгөйлөр 2016-жылы баш кошушкан. Былтыр сентябрда кыздуу болушкан.
edita