Клара Алибекова: "Уулумду кыркы чыга электе апама таштап гастролго кеткем"
Белгилүү ырчы Клара Алибекова уулу Байэл Момунов менен SuperTV`да конокто болду. Маек учурунда эне-бала бири-бири тууралуу эл билбеген кызыктарды айтып беришти.
"Убакыт билинбей өтө берет экен. Уулум 19га чыгат. Балалык чагында өтө тентек, эрке болчу. Таене менен таятасынын колунда чоңойду. Андан кийин атам-апамдан алып өзүм чоңойттум. Ымыркай кезинде эле апама таштап, гастролдоп кеткем. Кыркы чыга элек болчу. Мен сагынып апама чалсам, "жакшы карап жатам, кайгырба" деп койчу", - деди ал.
"Мен таенем менен таятамдын колунда чоңойдум. Төрөт үйүнөн эле айылга алып кетишкен экен. Ошол жакта чоңойдум. Мен алардын уулундай эле болуп калдым", - деди уулу.
https://youtu.be/HGAplINViNU