SerepTV Logo

"Келин Дион" атыккан Бегимай Турусбекова: "Менден мурун жолдошум чарчап, кеттикчи Казарманга деп жатат"

"Келин Дион" атыккан Бегимай Турусбекова: "Менден мурун жолдошум чарчап, кеттикчи Казарманга деп жатат"
Кечээ, 22-июнь күнү бир күндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун кабылдамасында болуп, 4 күндөн бери үй-бүлөсүнө да кенен көңүл бура албай жатканын айтты. "Атым коомчулукка тарагандан бери 4 күн болуптур, жолдошум менен кенен отуруп сүйлөшө элекпиз. Кайда барбайын мени коштоп жүрүп, менден мурун эле чарчап калды. Азыр Бегимай, болдучу, айылга кетеличи деп калды", - деди Бегимай. Бегимай Турусбекова "Ынтымак" сейил багында Уитни Хьюстон менен Селин Диондун хиттерин ырдоо менен борбор калаадагы эс алуучуларды багынткан. Видеолор дароо интернетке тарап, чыныгы талант катары тааныла баштады. https://www.youtube.com/watch?v=kqKtkuMmgEE
info