SerepTV Logo

Казакстанда өткөн эл аралык айтышта Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды

Казакстанда өткөн эл аралык айтышта Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды
Казакстандын Батыш Казакстан облусунун Таскала районунун 90 жылдыгына арналган "Тамыры терең Таскала" аттуу эл аралык айтышта кыргыз улуттук "Манас" театрынын төкмө акыны Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Таланттуу жаш акын Арген Биймырза уулу Кыргыз Эл артисти, маркум Элмирбек Иманалиевдин акындык өнөр мектебинде тарбияланган, анын шакирттеринин бири. Учурда ал кыргыз улуттук "Манас" театрында эмгектенет. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="197680,197679"]
info