SerepTV Logo

Караколдо орусиялык ансамбль Мирбек Атабековдун "Мурас" ырын созду (видео)

Караколдо орусиялык ансамбль Мирбек Атабековдун "Мурас" ырын созду (видео)
1-июлда Каракол шаарынын борбордук стадионунда өткөн “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык маданий иш-чарасында Мирбек Атабековдун патриоттук "Мурас" ыры орусиялык "Воронежские девчата" ансамбли тарабынан аткарылып, элдин алкоосуна алынды. "Мурас" - бул адамдарды жүрөгү аркылуу бириктирген ыр. Ансамблге ыраазычылык билдирем. Мындай аткаруу мага эргүү берип, мындан ары да чыгармачылык менен иштешиме чоң шык берет", - деп комментарий берди ырчы. Буга чейин соцтармактарга "Воронежские девчата" ансамблинин даярдык учурундагы видеосу тараган.
info