SerepTV Logo

“Кайрадан турмушка чыгуу оюмда жок”. Асел Кадырбекова көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди

“Кайрадан турмушка чыгуу оюмда жок”. Асел Кадырбекова көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди
Ырчы Асел Кадырбекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу катталуучуларынан келген көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди. Ага “Кайрадан турмушка чыгуу оюңуз барбы?” деген суроо берилип, ырчы “Жок деп ойлойм. Убакыт көрсөтөт” деп жооп берген. Ошондой эле учурда апасынын эки бөлмөлүү батиринде жашап жатышканын жазган. “Мен эч качан бай болгон эмесмин. Бирок эмнегедир көпчүлүк мени ошондой кабыл алышчу. Болгону табит менен кийингенди билем. Апам мени жалгыз өстүрдү. Ал тиш доктур болуп иштейт. Ушу менен жашачубуз, азыркыга чейин жашайбыз. Нааразычылык жок. Кудайга шүгүр, апам мага бардык жакшы нерсени тартуулады. Менин апам – алтын адам! Азыр апамдын эки бөлмөлүү батиринде жашап жатабыз. Буюрса, батирди кеңейтүү планыбыз бар. Бирок убакыт керек. Анын үстүнө мен апама жардам берүү үчүн алгач калыбыма келишим керек”, - деп кошумчалаган. Андан соң “Азыркыга чейин унута албаган, өтө катуу таарынган учуруңуз?” деген суроо берилип, ага ырчы “Эч кимге өтө катуу таарына албайт экенмин. Унутуп калам. Бирок ал адамга көңүлүм жылыбай калат”, - деп жооп берген.
Unknown Author