SerepTV Logo

"Жообун күтүп жатам". Ырчы Дайыр Исмадияров жубайы менен жарашабы?

"Жообун күтүп жатам". Ырчы Дайыр Исмадияров жубайы менен жарашабы?
Ырчы Дайыр Исмадияров мурунку жубайы Жанара менен жарашууга кадам таштады. Бул боюнча ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. Ал баракчасына жубайы жана уулу менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, “Экөөбүздүн бирибиз “Бардык түгөй урушат, табышат. Кел кайра башынан баштайлы” деп айтууга убакыт келди. Мен бул сунушту айттым. Азыр жооп күтүп жатам”, - деп жазган ал. Белгилей кетсек, Дайыр Исмадияров 2016-жылы Жанара аттуу бийкеч менен баш кошуп, 2017-жылы ата статусуна ээ болгон. Бирок арадан көп өтпөй экөө эки ажырым жолго түшкөнүн ачыкташкан.
Unknown Author