SerepTV Logo

Жакында эле жүзүнө пластикалык операция жасаткан ырчы Эрнис Турсунов үйлөндү

Жакында эле жүзүнө пластикалык операция жасаткан ырчы Эрнис Турсунов үйлөндү
Ырчы Эрнис Турсунов үйлөндү. Маалыматты SUPERTV`га ал өзү тастыктады. Анын айтымында, ырчы сүйүктүүсүн кечээ, 14-мартта кыргыздын каада-салты менен үйүнө алып келген. “Жубайымдын аты Айдай, өзүмдөн 10 жаш кичүү. Медициналык окуу жайда окуйт. Клиптеримдин бирине тартылууга баш каарман издеп, кастинг кылгам. Ошондо келген болчу. Бирок көп өтпөй тартылуудан баш тартып, экөөбүз жакшы мамиледе калганбыз. Ал учурда мен мурунку жубайым менен ажырашып, стресс болуп жүргөм. Айдай мени ошол абалдан чыгарды. Заманбап үлпөт тоюубуз бир айдан соң болот”, - дейт ал. Андан сырткары ырчы жүзүнө пластикалык операция жасатканын кошумчалап, төмөнкүлөргө токтолду: “Көзүмдүн үстүн май басып калгандыктан, аны алдырып, сурма чыгарттым. Ошондой эле 20 килограммга арыктап кеткендиктен, бетим шалбырап, бошой түшкөн. Аны да тарттырууга туура келип, жүзүмдөгү уячаны чыгардым”, – дейт ал. Эрнис Турсуновдун пластикалык операциядан кийинки маегин жакынкы аралыкта SUPERTV телеканалынан көрө аласыз.
Unknown Author