"Жакшы тосуп алышты". Кыргызстандык Азамат Сабырбеков менен 8 жаштагы кызы "Привет, Андрей!" берүүсүнө тартылып келишти
Каракол шаарынын тургуну Азамат Сабырбеков менен анын 8 жаштагы кызы Алтынай Орусиядагы Андрей Малаховдун "Привет, Андрей!" берүүсүнө катышып келишти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги өзү менен байланышканда маалым болду.
"Кызым 5 жашынан бери ырдайт. Мен гитара чертип, ал кичине ырдап калчу. 1985-жылы жарык көргөн "Белая дверь" ырын ырдап жатканда досум видеого тарткан. Аны Ютубга 1 жылдай мурун киргизип койгонбуз. 2022-жылдын ноябрь айында берүүнүн редактору чалып чакырды. Ошол видеону көрүшүптүр. Ал эми берүү 1980-жылдагы ырларга байланыштуу экен. Биз ал учурда бара албай калганбыз. Бирок барууну аябай каалаганбыз. Болбой калды го деп калдык. Кийин кайра чалып, чакырышты. Макул болдук. Барган-келген билетин, ал жактагы жаткан жер төлөнүп берилет деди. Келгенибизге 4-5 күн эле болду. Жакшы тосуп алышты. Тартылдык. Мурда ыр гитара менен эле ырдалган эле, ага аранжировка жасатты. Берүүнүн качан чыгарын чалып айтып коебуз дешти", - деди ал.
Ал учурда Бишкек шаарында балдарга музыкалык билим берүү менен алектенип жатканын айтты. Ошондой эле Андрей Малаховго белек катары сувенир алып барышкан, кыз өзү тарткан сүрөттү белек кылган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="174811,174813"]
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="174799,174800,174801"]
https://youtu.be/Hj28rEUjJi0