"Ханайым өзү катышары күтүлүүдө". Кыргызстанда биринчи жолу “Виват, Рояль!” фестивалы өтөт
Бишкек шаарында 13-майда саат 18:30да Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында “Виват, Рояль!” фестивалынын гала-концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
"Фортепиано искусствосун өнүктүрүү жана жайылтуу максатын көздөгөн иш-чарага Маданият министрлигине караштуу музыкалык окуу жайлардын окуучулары, студенттери жана бүгүнкү күндө Москва шаарында окуп жаткан студенттер, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген пианисттер мугалимдери менен биргеликте катышат. Гала-концертте көрүүчүлөргө алдыңкы дүйнөлүк музыканын тандалмаларынан тартып, коомчулукка белгилүү, кыргыз композиторлору менен катар дүйнөлүк классикалык чыгармалар аткарылат.
Иш-чара Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын колдоосу менен өткөрүлөт. Алдын ала маалыматтар боюнча иш-чарага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова катышаары күтүлүүдө. Гала-концертке кирүү акысыз", - дешти.