Гүлзада Рыскулова Казакстанда өтүүчү этно-заманбап фестивалга катышат (видео)
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлзада Рыскулова Казакстанда өтүүчү The Spirit of Turkistan этно-заманбап музыкалык фестивалга катышат.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы айым фестиваль боюнча айтып берди. "Фестиваль Туркестанда болот. Бул этно-заманбап музыканын айкалышы. Бул фестиваль буга чейин Алматы, Астанада өткөн. 4-5 жылдан бери Кыргызстандын атынан катышып келем. Көп өлкөдөн музыканттар жаңы тренддер менен этникалык музыканы айкалыштырат. Мен да даярданып жатам. Иш-чара 23-октябрда өтөт. Жаңы ырымды даярдадым. Байыркы кайрык менен заманбап музыканы айкалыштырдым", - деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram