Гүлшан Молдоева, Турусбек Жумалиев... "Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамын дагы кимдер алды?
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн төмөнкү жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.
“Кыргыз Республикасынын Эл артисти” ардак наамын төмөндөгүлөр алышты:
Жумалиев Турусбек Канатбекович - режиссер, актер, алып баруучу;
Молдоева Гулшан Абыкаевна - алып баруучу;
Өзүбеков Асылбек Абазович - Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору.