SerepTV Logo

Гүлшайыр Садыбакасова Ош филармониясынын жетекчилигинен бошотулду

Гүлшайыр Садыбакасова Ош филармониясынын жетекчилигинен бошотулду
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Ош филармониясынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Министрлик Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялады. “Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызматтарда иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, маданият жана искусство чөйрөсүндө иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес жарандар катышса болот", - деп айтылат маалыматта. Гүлшайыр Садыбакасова буга чейин кызматтан кетүү үчүн арыз жазууга Бишкекке келе жатканын жазган.  
edita