"Гиннесc маселеси эми болбойт деп ойлойм". Рысбай Исаков Түркияда 130 саат Манас айтып бүттү
Манасчы Рысбай Исаков 6 күндүн ичинде 130 саатты чамалап токтоду. Бул тууралуу анын шакирти Нурбек Талантбеков билдирди.
"Эми бекем ден-соолук каалайбыз. Кандай оор болгонун айтпай кетүү мүмкүн эмес. Жалпы эл-журт айткандай эми Гиннесc маселеси кийинки биздин муундагы манасчылардын арасында болбойт деген ойдомун. Антпесе улам ашам деп жатып майдаланып кетебиз", - деп жазды ал.