SerepTV Logo

“Фатима жана Зухра”, “Сарвиноз” тасмалары аркылуу таанымал өзбек актёру өзүнөн 29 жаш кичүү аялга үйлөндү

“Фатима жана Зухра”, “Сарвиноз” тасмалары аркылуу таанымал өзбек актёру өзүнөн 29 жаш кичүү аялга үйлөндү
“Фатима жана Зухра”, “Сарвиноз”, "Бакыт үчүн Миллион” тасмалары аркылуу таанымал Өзбекстандын Эл артисти, 73 жаштагы актёр жана режиссёр  Убайдулла Бакаев (Омон) үйлөндү. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты. Маалым болгондой, актёр 22-мартта өзүнөн 29 жаш кичүү аялга үйлөнгөн. Той Бухарадагы тойканалардын биринде өткөн. Актёр үйлөнгөн 44 жаштагы Нилуфар Шерова өзбек мектептеринин биринде англис тилинен сабак берет. Бул анын биринчи никеси. Ал эми Убайдулла Бакаевдин 51 жыл бирге түтүн булаткан жубайы 2018-жылы каза болгон. Бул актёрдун экинчи никеси.
Unknown Author