"Евровидение-2021": Орусиянын атынан тажик кызы катышат
"Евровидение-2021" сынагына Орусиянын атынан Манижа Сангин аттуу ырчы катышат.
Маалым болгондой, ал көрүүчүлөрдүн көп добушун топтоп жеңишке жеткен. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 8-март күнү Биринчи каналдан айтылды. Аталган сынакка катышуу үчүн "2Маши" жана "Therr Maitz" топтору да ат салышкан.
Manizha (Манижа Сангин) — Тажикстанда туулган орусиялык ырчы. Ал соцтармактарга музыкалык видеолорду жарыялап жүрүп атактуу болгон. 2020-жылдын декабрь айында ырчы кыз Орусиянын атынан БУУнун качкындар иштери боюнча биринчи ыктыярдуу элчиси болгон.
"Евровидение" сынагы былтыр коронавирус пандемиясынан улам болбой калган. Быйыл эл аралык сынак 18-22-майда Роттердамда (Нидерланддар) өтүп, ага 41 өлкөнүн өкүлү катышат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара кадимки тартипте өтөт. Бирок делегация курамы менен журналисттердин саны кыскартылат. Ошондой эле шоуга көрүүчүлөр кирер-кирбеси азырынча белгисиз.