SerepTV Logo

“Эркектер, ала качууну токтоткула!” Айзаданын окуясы боюнча үн каткан шоу-бизнес өкүлдөрү

“Эркектер, ала качууну токтоткула!” Айзаданын окуясы боюнча үн каткан шоу-бизнес өкүлдөрү
Кечээ, 7-апрелде Бишкекте эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Айзада Канатбекова аттуу кыздын жана аны алып качууга шектелген эркектин жансыз денелери табылды. Учурда социалдык тармактын колдонуучулары, “Бурулайдын окуясы кайталанды”, “Бурулай, Айзада, дагы ким?” деген пикирлерин жазып, окуяга тезинен иликтенишин талап кылышууда. Коомдогу окуяга кайдыгер карабаган инсандардын катарында шоу-бизнес өкүлдөрү да жок эмес. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев эркектерге “ала качууну токтоткула” деп кайрылса, ырчы Анжелика тийиштүү органдар ыкчам иликтөө жасабаганына ачууланган. Ал эми Нурзат Токтосунова “Камерага түшсө да каралбаган кайдыгерлик. Коопсуз шаар ким үчүн?” деген пикирин калтырган. Мындан сырткары төкмө акын Идрис Айитбаев, ырчылар Айдана Дека, Бурул Арунова, Салтанат Аширова, актрисалар Альбина Имашова, Назира Айтбекова жана башка бир топ белгилүүлөр окуя тууралуу үн катып, адамдарды кайдыгер болбоого, ала качууну токтотууга үндөшүүдө.    
Unknown Author