Эл күткөн "Министрдин кызынын махабаты" тасмасынын 4-бөлүгү тартылууда (фото)
Эл көптөн күткөн "Министрдин кызынын махабаты" тасмасынын 4-бөлүгү тартылып жатат. Бул тууралуу тасманын режиссёру Рустам Аташов СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.
"Учурда элдин суранычы менен "Министрдин кызынын махабаты" тасмасынын 4-бөлүгүн тартып жатабыз. Тартуу иштери 15-июндан башталган, азыр ортолоп калды. Тасмага мурунку курамдагы актёрлор тартылып жатат. Буюрса, экранга 15-сентябрдан баштап чыгарабыз", - дейт режиссёр.
[gallery link="file" columns="2" size="full" jnewsslider="true" ids="122678,122680,122681,122682,122683,122689,122688,122687,122686,122685,122684"]