Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы. Композиторлор арасында республикалык кароо-сынак жарыяланды
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата атуулдук жаңы чыгармалар жана хор чыгармаларынын республикалык кароо-сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, сынакты министрлик, Композиторлор союзу жана Музыка ишмерлер союзу менен биргеликте өткөрүүдө.
Сынактын максаты кыргыз музыкалык маданиятынын алтын төрүнөн орун тапкан Кыргызстандын жерин, элин даңазалаган атуулдук жаңы ырларды жаратып, аларды кеңири жайылтуу жана жалпы элдин энчисине айландыруу менен материалдарды жана репертуарларды байытуу болуп саналат. Ошондой эле сынак чыгармачылыкта улуттук оригиналдуулукту сактоо менен жаңы атуулдук чыгармаларды жогорку көркөмдүктө элге жеткирүү жана урпактарга мурас калтыруу багытталып, Кыргызстан элинин салттарын сактоо, өсүп келе жаткан өспүрүмдөрдү патриоттуулукка тарбиялоо максатында заманбап жаңы ырларды жана хор чыгармаларын жаратууну көздөйт.
Кароо-сынак эки номинация боюнча өткөрүлөт:
1. Атуулдук ырлар;
2. Хор чыгармалары.
Чыгармаларды баалоонун критерийлери:
1. Текст менен музыканын дал келиши;
2. Музыкалык тилдеги оригиналдуулук;
3. Музыкалык формалардын даана жана так сакталышы.
Сынактын шарттары төмөндөгүдөй:
- Сынакка катышуучулардын жашы, улуту жана сунуштала турган музыкалык чыгармалардын жанрларына чек коюлбайт;
- Катышуучу авторлор чыгармаларынын партитурасын же клави-рин 2 нускада, CD дискке жазылган фонограммасын уюштуруу комитетке 2021-жылдын 15-июлуна чейин тапшыруусу керек.
- Сунушталган ырлардын ноталарына жана CD дискинде авторлордун аты аталбай девиз же шифр коюлат жана чапталган белек конверттин ичинде авторлордун аты-жөнү, дареги, байланыш телефондору менен берилет.