Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында "Манас" айтат
"Опузалар башталганда Кыргызстандан кетүүгө туура келди" деп өлкөдөн чыгып кетип Түркияда жашап жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында "Манас" айтмай болду. Бул маалыматты манасчы социалдык баракчасына киргизген.
"Ат үстүндө ойногон,
Алышканын койбогон.
Эр Манасты даңктайлы,
Туу болуп бизге орногон.
Улутум кыргыз, урааным Манас!" деген чакырык менен 24-июль күнү Москва шаарында Ат оюндарында Дөөлөт Сыдыков "Манас" айтарын билдирген.