Димаш Кудайберген Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алышы боюнча комментарий берди
Казак ырчысы Димаш Кудайбергенге президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамы ыйгарылган. Ал бүгүн, 23-июлда өткөн маалымат жыйында муну сый-урмат катары кабыл алганын белгиледи.
"Менин оюмча, сыйлык мага гана тиешелүү деп ойлогонго али эрте. Учурдан пайдаланып меймандостугуңарга жана жакшы ниетиңер үчүн ыраазычылык билдиргим келет", - деди ал.