SerepTV Logo

Дагы бир казак сулуусу кыргыз дизайнеринин көйнөгүн сынакта кийип чыкты

Дагы бир казак сулуусу кыргыз дизайнеринин көйнөгүн сынакта кийип чыкты
Кечээ, 15-декабрда 21 жаштагы Сабина Идрисова "Miss Qazaqstan-2023" республикалык сынагынын жеңүүчүсү болду. Быйылкы жылы сынакка миңден ашуун кыз катышууга билдирме жөнөтүп, финалга 25 катышуучу чыккан. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="219364,219365,219366,219367,219368"] Жеңүүчү кыз профессионалдуу түрдө балет менен алек болуп, "Астана балет" театрында бийлеп келген. Анын бою 175 сантиметр, параметрлери - 82-63-92. Кыргыз дизайнери Арзубек Вонама социалдык тармагында көйнөктүн дизайнын иштеп чыгуудагы идеясын жазып өттү. "Биз башкы көйгөйлөрдү (от, суу, аба, жер) козгодук. Ал эми көйнөк отту чагылдырат", - деди ал.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от VONAMA ARZUBEK (@arzubek_vonama)

Буга чейин Miss Universe сынагына катышкан Казакстандын 20 жаштагы сулуусу Томирис Заир улуттук костюмдарды көрсөтүүдө кыргыз дизайнери Арзубек Вонаманын көйнөгүн кийип чыккан болчу.
info