SerepTV Logo

"Comedy Club шоу берүүсү жабылат" деген тамаша болуп чыкты

"Comedy Club шоу берүүсү жабылат" деген тамаша болуп чыкты
Comedy Club шоу берүүсү жабылат деген тамаша экенин басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, 20-сентябрда ТНТ телеканалында берүү көрсөтүлгөн. Соңунда алып баруучулар Гарик Харламов менен Павел Воля көрүүчүлөр менен коштошкон. 

"Урматтуу достор, бүгүн биз сиздерге абдан маанилүү жаңылыкты айтабыз. Comedy Club жабылып жатканын тастыктайбыз", - деди сахнадан Гарик Харламов.

"Кош бол, эски Comedy Club, салам Comedy Club'тын жаңы 20-сезону" деп кошумчалады Павел Воля.

Буга чейин «Газпром-Медиа» акыркы берүү 20-сентябрда көрсөтүлө турганын, андан соң шоу жабыларын билдирген. "Comedy Club шоу берүүсү жабылат, буга негизги актёрлордун кетиши себеп болду" деген продюсер Павел Рудченко.

edita