Чүй райондук маданият үйүнүн "Жылдыз" бийчилер тобу Италия уюштурган сынакта 1-орунга ээ болду
Чүй райондук маданият үйүнүн "Жылдыз" бийчилер тобу Италия уюштурган сынакка катышып, 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Италия эл аралык “Cultura in movinento" онлайн сынагын уюштурган. Аталган сынакка Кыргызстандан катышкан Чүй райондук маданият үйүнүн "Жылдыз" бийчилер 1-орунду багындырды. Сынакка жалпысынан 37 ѳлкѳ катышып, катышуучулардын курагы 11-12 жашты түзгөн.
"Жылдыз" фольклордук ансамбли бул сынакта "Муха-Цокотуха" бийи менен “Эстрадалык бий” номинациясында катышкан. Ансамблдин жететекчиси - Наталья Быкова. Бул бий Парижде өтө турган эл аралык сынакка катышуу үчүн 2020-жылы даярдалган. Бирок пандемияга байланыштуу иш-чара өтпөй калган. Мындан улам, ансамбль Италияда өтүүчү эл аралык онлайн сынакка катышуу үчүн видеолор жана сүрөттөрдү жөнөткөн. Сынак аяктаган соң, 1-орунду алгандыгы жана 300 еврого ваучер берилгендиги тууралуу маалымат электрондук кат менен келген.
