Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу фильмдин сценарийине сынак жарыяланды
Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу фильмдин сценарийине сынак жарыяланды. Бул тууралуу "Кыргыз фильм" киностудиясынан билдиришти.
Сынактын талаптары:
- Кыргыз жараны болгон киносценаристтер жана драматургдар катыша алат;
- Автор сынакка бир эле чыгарманы сунуштай алат;
- Ч.Түлөбердиевдин өмүр-таржымалы жана каармандыгы жөнүндө жазылган сценарийлер гана кабыл алынат.
Сынактын мөөнөтү: 2025-жылдын 1-январынан баштап 10-февралына чейин.
Толук жазылган сунуштама (заявкасы):
- Автордун аты-жөнү
- Автордун электрондук дареги жана байланыш номуру
- Сценарийдин жумушчу аталышы
- Жанры
- Хронометраж
- Аудиториясы
- Логлайн
- Синопсис
Автор/авторлош жөнүндө толук маалымат (автобиография, фильмография, кинематографиядагы ийгиликтерин атап кетүү). Байланыш телефондору/электрондук дареги жазылат.
"Конституцияга каршы келген көз караштар, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, коопсуздугуна шек келтирүү, социалдык, расалык, улуттук, диний, мүлктүк, уруулук каршылыкты жана сексуалдык зордук-зомбулукту жактап, үгүттөө сыяктуу көрүнүштөрдү камтыган сценарийлер сынактан автоматтык түрдө четтетилет", - деп жазылат жарыяда.
Сценарийлер басылган жана электрондук түрдө төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Д.Асанова көчөсү 1, “Кыргыз фильм” улуттук киностудиясы 2-кабат, редакция.