"Быйыл үйлөнөлү дегенбиз, бирок маселе үйгө такалат экен" дейт ашыктар
Жаныбектин көзүнүн көрүүсү начар, Айдана басууда кыйналат. Экөө табышып, кыз-жигит катары мамиле кура баштаганына бир жыл болгонун айтышат. Маектин жүрүшүндө алар “бизди кийин кантип жашайсыңар дегендер болгон” дешет.
"Мен учурда айылда жашайм, Айдана айылда жашай албайт. Ата-энем Айданага айылда жашоо оор болуп каларын айтты. Бирок мен өз күчүм менен шаардан үй алам. Анан үйлөнөбүз дедим. Мен өзүмдү мүмкүнчүлүгүм чектелген дебейм, деген сайын чектеле бересиң",- деди Жаныбек.
Ал эми Айдана экөөнүн ортосундагы жаш айырмачылык 2 жаш экенин айтты. "Мен кичинекей болгон үчүн менин улуу экеним билинбейт",- деди ал.
Экөө тең быйыл үйлөнүү планы болгондугу бирок, үй жок болгондуктан аны кийинкиге калтырууну чечкенин айтышты.
https://youtu.be/kirjvYFte9I