SerepTV Logo

Брэд Питт Женнифер Энистонго 79 миллион долларлык үй белек кылды

Брэд Питт Женнифер Энистонго 79 миллион долларлык үй белек кылды
Голливуд жылдызы Бред Питт мурунку жубайы, актриса Женнифер Энистонго баасы 79 миллион долларлык үй белек кылган. Бул маалымат жакында гана ачыкталып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 3 жыл мурун Женнифер Энистондун 50 жылдык юбилейине Бред Питт катышып, Беверли-Хиллзден 79 миллион долларлык чоң хансарайды белек кылган. Болгондо да илгери чогуу жашап, ажырашканда сатыкка койгон үйдү берген. Акыркы учурда "бойдок" статусунда жүргөн экөө иш-чараларга чогуу келип, жакшы мамиледе экенин байкоого болот.

Белгилей кетсек, Женнифер Энистон менен Брэд Питт 2000-жылы баш кошуп, 2005-жылы ажырашкан.
info