SerepTV Logo

Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев 5 жыл чогуу иштешпей калган себебин айтышты

Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев 5 жыл чогуу иштешпей калган себебин айтышты
Куудулдар Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев бир кезде чогуу иштешпей калган эле. Ийгиликтүү тандемдин тыныгуусуна эмне себеп болду? Бул тууралуу куудулдар айтып беришти. Алар 5 жылдай чогуу иштешпей калганын айтышты. "Баары эле экөөңөргө эмне болду эле деп сурашат. Ар ким чыгармачылыкта өзүнүн жашына, жашоо-шартына жараша болуп турат. Кудайбергенов саясий иштерге аралашып кетти. А мен саясат иштерине аралашпай, гастролго кеттим", - деди Тынар Курбаналиев. "Чыгармачылыкта ушундай учур болот. Ар бир чыгармачыл адам өзүнүн жөндөмдүүлүгүн элге көрсөтүшү керек болот. Мисалы, атын чыгарып концерт коюшу керек болот", - деди Кудайбергенов. https://youtu.be/6qD5itd51WI
edita