Блогер Нуриза Бектурова: "Турмушка чыккандан кийин ата-энемди сагынып, ыйлап жүрдүм"
Блогер, вайнер, шоумен Медер Нуркадыров жана жубайы, блогер Нуриза Бектурованын үйүндө конокто болдук. "Кичинекей кезден бери ушул үйдө чоңойдум. Ал учурда биз жашаган Ак-Өргөө конушунда үйлөр аз болуп, талаа эле болчу экен" деген Медер мырза жарымы цех, жарымы үй болгон өргөөсү менен тааныштырды.
"Турмушка чыккан соң бат эле көнүп кеттим. Башында 1 ай көнө албай ыйлап жүрдүм. Ата-энемди сагынып жүрдүм. Азыр көндүм. Ата-энемди сагынганда көрүшүп турабыз",- деди Нуриза Бектурова.
https://youtu.be/vjGvcLbKMyI