SerepTV Logo

Блогер Арген Асановдун сүйүктүүсү Аружандын кыз узатуусу өттү (видео)

Блогер Арген Асановдун сүйүктүүсү Аружандын кыз узатуусу өттү (видео)
Кечээ, 11-июнь күнү "Бир болайык" шоу программасынан табышкан Арген Асановдун сүйүктүүсү Аружан Бекешованын кыз узатуу тою болуп өттү. Кыргыз-казакты бириктирген той Казакстандын Талдыкорган шаарында өттү. Аружанды эл алдына "Бир болайык" шоу программасынын алып баруучусу Камила Саян ырдын коштоосунда алып чыкты. Тойдо эки жаштын жакындары, дос-туугандары ырдап-бийлеп, көңүл ачып келишти.
info