Блогер Ажаранын курбусу: “Окуяга мени күнөөлөгөндөр жаңылышат. Мен дагы курбумдай эле мас болчумун”
Мындан бир нече күн мурун интернет айдыңында блогер Ажара Алишерованын мас абалындагы видеосу тарап, коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды. SUPERTV блогер менен жолугуп, окуянын чоо-жайы, коомчулуктун тепкиси жана анын учурдагы абалы тууралуу маек курду. Блогер окуяны түз эфирге тарткан курбусу тууралуу төмөнкүдөй пикирин айтты. “Азыр коомчулук окуяны түз эфирге тарткан курбумду айыптап жатышат. Мен аны күнөөлөбөйм. Анткени ал деле мендей эле абалда мас болчу. Экөөбүз тең өзүбүздү көзөмөлдөн чыгарып алганбыз”, - деди блогер.
Ал эми сөз болуп жаткан курбусу Элена Айбекова: “Чынында эле мен дагы Ажарадай мас болчумун. Көпчүлүктүн бул нерсеге мени күнөөлөгөнү туура эмес. Окуянын эртеси мага да ата-энем байланышып, урушту. Бирок болгонун болгондой түшүндүрүп берген соң туура эле кабыл алышты”, - деп кошумчалады.
Маекти толугу менен төмөндөгү шилтеме аркылуу көрө аласыздар.
https://www.youtube.com/watch?v=oviFbzcC7Qc