SerepTV Logo

"Бир сутканын ичинде 2 образын ойлоп таптым" дейт Мерьем Узерлинин көйнөгүн тиккен дизайнер

"Бир сутканын ичинде 2 образын ойлоп таптым" дейт Мерьем Узерлинин көйнөгүн тиккен дизайнер
Кечээ, 6-сентябрда Бишкекте түрк актрисасы Мерьем Узерлинин катышуусунда Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы долбоордун бет ачары өттү. Бет ачарга актриса кыргыз дизайнерлеринин кийимдерин тандаганы белгилүү болгон. Тактап айтканда, ал Айкин Арипованын көйнөгүн, Мээрим Таабалдиеванын бут кийимин кийип чыкты. Ал эми "Окно" дизайнерлер менен байланышып, актрисанын образы жөнүндө сүйлөшүштү. Кыргызстандык дизайнер Арипова маалымат жыйынга жана кечки тамактанууга кийип барган кийимдердин образын жараткан. Анын айтымында, дизайнердин алдына актрисаны мыкты кийинтүү тапшырмасы коюлган. "Мен бир сутканын ичинде 2 образын ойлоп таптым. Анча көп деле убакыт жок болчу. Образдарды сындан өткөрүп, кездеме издеп, тигүүгө 4-5 күн бар эле. Мерьем эскиздеримди WhatsApp аркылуу тандады. Мен ага "образдардын бир жери жакпай калса, айтыңыз, өзгөртөбүз" дедим. Бирок актриса өзгөртүүнүн кереги жоктугун, мыкты болгонун айтканда, кубанганымдан эс-учумду жоготуп коёюн дедим. Биздин команда талыкпай иштеп, абдан аракет кылдык. Ал эми Мерьем кийимдерди жактырып калганы үчүн өзү менен ала кетерин айтты", - деди ал. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="71301,71303,71297,71302,71298,71300,71304,71296,71299"]
edita