SerepTV Logo

“Бир күндө тартылган”. Ырчы Айгерим Эшимдин жаңы клиби чыкты

“Бир күндө тартылган”. Ырчы Айгерим Эшимдин жаңы клиби чыкты
Ырчы Айгерим Эшим “Жарың болоюн” аталышындагы чыгармасы клип тарттырды. Анын айтымында, клип бир күндүн ичинде тартылган. “Клипти Баяман Осмонов тартып, ал эми сценарийин Элзар Тиленбаев жазды. Анда баш каарман кыздын ролун өзүм эле аткардым. Болушунча өзгөчө кылууга аракет кылып, селкинчекти өз колубуз менен жасадык. Кызыгы тартуу иштери бир күндө бүттү. Үйдөн таңкы саат 6да чыгып, кайра түнкү саат 1де келдим. Тартуу иштери Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде, тоодо жана студияларда жүрдү”, - дейт ал. Ошондой эле, клипти тартууга 1500 доллар каражат кеткенин кошумчалады. Аталган клипти SUPERTV телеканалынан көрө аласыздар.
Unknown Author