Белгилүү жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов 83 жашында көз жумду
Кечээ, 24-мартта Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Бекбай Алыкулов 1937-жылы 15-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1955-жылы Сары-Булак орто мектебин бүтүргөндөн кийин үч жыл Ленин атындагы колхоздо чабан болуп иштеген. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Алгачкы «Фонарь» деген аңгемеси 1957-жылы «Жаш ленинчи» журналына жарыяланган. Ошондон баштап аңгеме-очерктери республикалык басма сөз беттеринде жарыялана баштаган.
Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын «Билим» коомунда методист болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң 1965–1967-жылдары Кыргызстан керек-жарак союзунда китеп-соода бөлүмүнүн улук адиси, 1967–1983- жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинде атайын кабарчы, «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, 1990-жылдан «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүндө улук редактор, «Чүй баяны» гезитинде, андан соң «Кыргыз Туусу» гезитинде маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.