Белгилүү актриса Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы белгиленди
Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Казакстандын «Достук» орденинин ээси, белгилүү актриса Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Актрисанын 50 жылдыгы 2021-жылы Кыргызстанда белгилене турган үч маанилүү датага карата уюштурулду. Алар:
- СССРдин Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы;
- Кыргыз киносунун түптөлүшүнүнүн 80 жылдыгы;
- «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильминин жана Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы;