Бекжан Темирхандын иниси: "Мен агамдын ордун баскым келет"
11-декабрь күнү Бишкек шаарында жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концерти болуп өттү. Маркум ырчынын ата-энесине борбордон үй алып берүү максатында уюштурулган концертке эл абдан көп келди.
Бекжан Темирхандын иниси Арсен агасынын ордун баскысы келерин айтты. "Мени кичинемде эле ырдатам деген",- деди ал.
https://youtu.be/ijPWE7-DAzA